Бишкек шаарынын бир топ көчөлөрү казуу иштеринен соң жабылган. Бир эле учурда 49 көчөдө оңдоо иштери жүргөн. Айрымдарынын иши аяктап калды.
Тротуарлар качан оңдолот?
Калаанын 200 чакырым жолун реконструкциялоо 2019-жылы аякташы керек. Мэрияга автоунаа айдагандар алкыш айтканы менен, жөө адамдар басуучу жолдон каттаган тургундардын маселесине азырынча эч ким көнүл бура элек.