Кыргызстандагы өзбек улуттук-маданий борборунун башчысы алмашты. Жаңы жетекчи болуп экс-депутат Бахтияр Кадыров шайланганын аталган борбордун өкүлдөрү кабарлашты.
Анын орун басары болуп Ош шаардык өзбек маданий борборунун жетекчиси Рашитхан Ходжаев бекитилди. Ходжаев мурдагы кызматын да сактап калды.
Жаңы жетекчилик 25-август күнү өзбек улуттук-маданий борборунун республикалык кезектеги курултайында шайланды. Жыйынга уюмдун аймактардагы 200гө чукул мүчөлөрү катышты. Курултайда ошондой эле мурдагы жетекчи Бахтияр Фаттахов отчет берди.
Борбордун жаңы президенти Бахтияр Кадыров Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында КСДП фракциясынан депутат болгон. 2016-жылдан бери Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү. Баскетболчу, спорт чебери. (ErN)