Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Ысык-Көлдө "Хизб ут-Тахрирдин" эки мүчөсү кармалды


"Хизбутчу" деп шектелген адамдын үйүнөн табылган адабияттар жана буюмдар. Сүрөт буга чейинки операцияларда, Кара-Сууда тартылган.
"Хизбутчу" деп шектелген адамдын үйүнөн табылган адабияттар жана буюмдар. Сүрөт буга чейинки операцияларда, Кара-Сууда тартылган.

Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл облустук бөлүмүн кызматкерлери менен чек арачылардын биргелешкен операциясынын алкагында эктремисттик "Хизб ут-Тахрир" уюмунун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

24-августта кармалгандар Түп жана Жети-Өгүз районунун тургундары экени такталды. Алардын үйүн тинтүү учурунда кыргызча, орусча жана арабча экстремисттик багыттагы китептер, баракчалар, фото-видеосу бар дисктер жана USB-флешкалары алынды.

Табылган материалдар жана китептер экспертиза өткөрүү үчүн тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Хизб ут-Тахрир" диний уюму Кыргызстандын аймагында экстремисттик деп таанылган. Бул агымдын идеяларын жайылтууга тыюу салынат. (ErN)

XS
SM
MD
LG