Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Түркмөнстанга чогулду


Арал деңизинин түндүгүндөгү Көкарал плотинасы. 21-май, 2010-жыл.
Арал деңизинин түндүгүндөгү Көкарал плотинасы. 21-май, 2010-жыл.

Бүгүн Каспий деңизинин жээгиндеги Түркмөнстандын “Аваза” туристтик жайында Аралды сактоо боюнча эл аралык фондду негиздеген мамлекеттердин башчыларынын кезектеги саммити өтүүдө.

Ага катышуу үчүн кечээ-бүгүн Түркмөнстанга Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбектандын жана Тажикстандын президенттери барышты.

Борбор Азия мамлекеттери Аралды сактоо боюнча эл аралык фондду 1993-жылы негиздешкен. Анын максаты Арал деңизинин бассейниндеги социалдык-экономикалык жана экологиялык абалды жөнгө салуу болгон.

Түркмөнстан бул фондго 2017-2019-жылдар үчүн төрагалык кылууда. Борбор Азиянын Арал боюнча буга чейинки акыркы саммити 2009-жылы Казакстанда өткөн. (UE)

XS
SM
MD
LG