Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Азия оюндарынын финалына чыкты. 200 метрге квалификациялык сүзүүдө ал 2:12:89 мүнөттө алтынчы болуп чыкты. Финалга жалпысынан 8 спортчу өттү.
Финалдык сүзүү 21-августта болот.
Денис Петрашов 18 жашта. 2016-жылы Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада ал 200 метрлик сүзүүдө 38-орунду алган. Анда Петрашев 2:16:57 мүнөттүк жыйынтыкты көрсөткөн.
18-августта башталган Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан жалпы жонунан 150 спортчу катышып жатат. XVIII Азия оюндарынын программасында спорттун 40 түрү бар. Кыргыз спортчулары спорттун 28 түрү боюнча күчтөрүн сынайт.
Кыргызстандын эсебинде эки медаль бар. Балбандар Магомед Мусаев менен Айсулуу Тыныбекова бирден күмүш байгеге ээ болушту. (ErN)