17-августта Пакистан парламенти мурдагы крикет оюнчусу, оппозициялык саясатчы Имран Ханды премьер-министр кылып шайлады.
Хан парламенттин 343 орундуу төмөнкү палатасында 176 добушка ээ болду.
25-июлдагы парламенттик шайлоодо анын “Техрик-и-Инсаф” партиясы алдыга чыгып, Улуттук ассамблеяда 115 мандат алган.
“Техрик-и-Инсаф” парламентке кирген башка чакан партиялар жана көз карандысыз мыйзам чыгаруучулар менен коалицияга биригип, 176 мандатка ээ болгон.
Хандын кызматка киришүү жөрөлгөсү 18-августка белгиленди.