Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:09

Түркия бир катар АКШ товарларына бажы төлөмүн кошту


АКШ менен Түркиянын президенттери Дональд Трамп жана Режеп Тайып Эрдоган.
АКШ менен Түркиянын президенттери Дональд Трамп жана Режеп Тайып Эрдоган.

Түркия бир катар америкалык товарларга бажы төлөмдөрүн жогорулатты. Муну менен Анкара АКШнын болотко жана алюминийге карата тарифтерди эки эсеге жогорулатуу боюнча чечимине жооп берди. Тиешелүү буйрукка өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган кол койду. Америкалык алкоголдук өндүрүм үчүн бажы төлөмдөрү 140%, жеңил автоунаалардыкы 120%, тамекиники 60% жогорулады. Мындан тышкары косметика, күрүч жана көмүр үчүн бажы төлөмдөрү көбөйтүлдү.

АКШ августтун башында Түркиянын тышкы иштер жана юстиция министрлерине санкция киргизген, Анкара да Америкага дал ушундай өңүттө жооп берген. Кийинчерээк АКШнын президенти Дональд Трамп түрк болоту менен алюминийине болгон бажы төлөмдөрүн жогорулаткан. Бул билдирүүлөрдүн фонунда лира арзандаган. Президент Режеп Тайып Эрдоган улуттук валютанын алсыроосун Анкаранын өз алдынча саясатына каршы акция деп баалаган. Жыл башынан бери түрк лирасынын куну 45% төмөндөгөн. Ушундан улам Эрдоган АКШда өндүрүлгөн электрондук товарларга бойкот жарыялоого чакырган.

XS
SM
MD
LG