Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Казакстанда Каспийден кармалган азербайжандыктар соттолду


Каспий деңизи.
Каспий деңизи.

Казакстандын соту Азербайжандын төрт жаранын алты айдан эркинен ажыратты.

Мангыстау облусундагы сот азербайжандыктарга "чек араны бузуп өткөн жана осетр балыгына мыйзамсыз тор салган" деп айып таккан.

Каспийдеги осетр балыгынын икрасы дүйнөдөгү эң кымбат деликатестердин катарында.

Кесилгендердин аттары аталган жок. Алар жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин дагы беш жыл бою Казакстанга киргизилбей турган болду.

Советтер Союзу кулагандан бери Каспийдин деңиз же көл экени расмий аныкталбай, мамлекеттер ортосундагы чек арасы такталбай келди. Ушундан улам суунун байлыгын талашып араздашкан учурлар да болуп келет.

Быйыл 12-августта гана Каспий боюндагы беш өлкөнүн президенттери мунасага келип, суунун өзүн көл, түбүндөгү жер кыртышын деңиз эрежеси менен бөлүп алууну макулдашты.

XS
SM
MD
LG