Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:15

Журналистке мыйзамсыз иш козгогон тергөөчүлөргө кылмыш иши ачылды


Элнура Алканова.
Элнура Алканова.

Башкы прокуратура журналист Элнура Алкановага карата иш ачкан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финполиция) тергөөчүлөрүнө кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Алканова Башкы прокуратуранын расмий маалыматына таянып билдирди.

Анын айтымында, тергөөчүлөр Кылмыш-жаза кодексинин "Күнөөсүз экендиги белгилүү адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу" беренеси боюнча шек саналууда.

Алканова Башкы прокуратурага Финполициянын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Нурбек Ажибаев менен тергөөчү Замир Оморбековго каршы июнь айында арыз жазган эле.

Ага чейин Финполиция журналистке карата кылмыш ишин апрелдин соңунда токтоткон. Ал "маалыматты мыйзамсыз жол менен алуу фактысы" боюнча айыпталган эле.

2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Идеал Хаус" деп аталган турак жай комплекси жайгашкан жерден 48 коттеж 12,4 гектар аянты менен аукциондо 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана мамлекеттин карамагына алынганы айтылган. Аукционду коомчулукка белгисиз "ВостокТехКомплект" компаниясы уткан.

Бул сатык боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мыйзамсыз иштер бар экенин, ага мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазып чыккан. Андан соң премьер-министр чуулгандуу "Идеал-Хаус" шаарчасына байланышкан тасманы жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылып, Алкановага кылмыш иши козголгон.

"Идеал Хаус" чыры боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков жана анын орун басары Бакытбек Мураталиев камакка алынган.​

Журналист Алканова бул камакка алуу иштери анын журналисттик иликтөөсүндө көрсөтүлгөн маалыматтардын ырастала баштаганын айгинелей тургандыгын айткан.(BkA)

XS
SM
MD
LG