Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Хаменеи АКШ менен урушпасын билдирди


Аятолла Али Хаменеи.
Аятолла Али Хаменеи.

Ирандын руханий көсөмү Аятолла Али Хаменеи АКШ менен урушка да, сүйлөшүүгө да барбай турганын "Твиттердеги" баракчасына жазды.

"Биз алар менен көп нерсени баштан чогуу өткөрдүк, бирок каршылаш тарап дайыма тирешти биринчи баштап келет. Эгер бизге согуш жарыялашса, жооп кайтарабыз. Бирок өзүбүз эч качан согуш отун тутантпайбыз" деп жазды ал.

Вашингтон Тегеран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон өзөктүк келишимден май айында чыгып кетип, мурда токтотулган санкцияларды кайра киргизген. Андан бери Иранда экономикалык каатчылык күчөдү. Улуттук валюта - риалдын куну 2015-жылдан бери биринчи жолу кескин төмөндөдү. Өлкөнүн бир катар шаарында кымбатчылыктан улам нааразылык акциялары өттү.

XS
SM
MD
LG