12-13-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы ыктымал.
Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге жетиши мүмкүн. 12-августта күндүз жана 13-августта абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо мал кармоону кыйындатат.
Абанын температурасы:
Чүй, Баткен облустарында 19...24, күндүз 33...38;
Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 30...35;
Ош, Жалал-Абад облустарында 18...23, күндүз 33...38;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31,
Нарын облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 13...18 градус ысыйт.
Бишкекте 12-августта түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 22…24, күндүз 36…38 ысык болот.