Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Беларуста бир нече журналист кармалды


TUT.BY интернет-порталынын кеңсеси жайгашкан имарат.
TUT.BY интернет-порталынын кеңсеси жайгашкан имарат.

Беларуста TUT.BY мамлекеттик эмес интернет-порталынын башкы редактору Марина Золотова, редактор Анна Калтыгина жана "БелаПАН" жаңылыктар агенттигинин журналисти Татьяна Коровенкова кармалды. Алар ""БелТА" мамлекеттик маалымат агенттигинин сайтын бузуп, андагы маалыматтарды мыйзамсыз алды" деп шек саналып жатканын Беларустун Тергөө комитети билдирди.

Кармалган журналисттер менен байланышууга мүмкүн боло элек. Алардын үйлөрүндө жана TUT.BY, "БелаПАН" агенттиктеринин кеңселеринде тинтүү жүргүзүлгөнү кабарланды.

Тергөө комитети “Жеке кызыкчылыктан улам компьютердик маалыматты мыйзамсыз алуу менен зыян келтирүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2015-жылдан 2017-жылга чейин "БелТА" мамлекеттик агентигинен уруксатсыз маалымат алган фактылар кеминде 15 миң жолу катталган.

XS
SM
MD
LG