Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, былтыр балдар абагына 47 бала кармалган. Алардын ичинен 23 бала кылмыш жоопкерчилигине тартылып, жаза мөөнөтүн өтөп жатса, 24 өспүрүм кылмышка шектүү катары тергөө абагында кармалып турган.
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери өспүрүмдөр колониясына 2017-жылы бир нече жолу текшерүү менен барып, анын натыйжасын мекеменин жылдык баяндамасында көрсөтүшкөн.
Акыйкатчынын үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жана гендер бөлүмүнүн башчысы Махабат Турдумаматова мониторинг учурунда балдардын билимге, медицинага болгон укуктары сакталбай жатканы аныкталганын билдирди:
- Бир нече ирет текшерүү жүрдү. Ал учурда эл аралык тажрыйбага туура келген шарттар жоктугу билинди. Мисалы, мындай балдар менен атайын психологдор иш алып барышы керек. Тилекке каршы алар менен психологдор иштебейт экен. Билимге болгон укуктары да чектелүү. Китептери эски, арасында сабаты ачылбагандары да бар экен. Медицинага болгон укугу чектелүү. Мисалы, көбү тиш догдурдун жардамына муктаж. Бул учурда атайын шаардан дарыгер чакыртышат экен. Бирок ага да каражат керектелет. Мындай шартта кармалган балдардын ден соолугуна өзгөчө көңүл бурулушу зарыл. Алардын абактан чыккандан кийинки жашоосун бир нукка салып кетүүгө шарт түзүш керек.
Укук коргоочу, "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова да түрмө баланын келечегине балта чабат деген ойдо. Анын айтымында, балдар абагын дүйнөлүк тажрыйбага ылайыктап, алардын шартын оңдош керек:
- Кыргызстандагы балдар абагы - совет мезгилинен сакталып калган мекеме. Анын шарттары такыр оңолгон эмес. Мисалы, Батыш өлкөлөрүндө балдар абактары кадимки үй сыяктуу. Алар менен атайын социалдык кызматкерлер иш алып барат. Биз, тилекке каршы, балдардын абактан кийинки жашоосун көз жаздымда калтырып жатабыз. Алардан кийин кайра кылмышкер чыгышына шарт түзүп жатабыз. Мекемедеги элүүгө жетпеген бала менен жүздөй жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери иш алып барат экен. Алардын ар биринин айлыгына кайра өлкө казынасынан каражат бөлүнүп жатат.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова абактагы балдар менен кесипкөй психологдор айлыктын аздыгынан улам иштебей турганын билдирди:
- Мындай шарттагы балдар менен иш алып баруу оңой эмес. Ошондуктан аз айлыктын айынан жана адатта балдар менен иштегенден коркуп психологдор келе бербейт. Анын үстүнө абак шаардан алыс жерде жайгашкан. Укук коргоочулар балдардын саны менен кызматкерлердин санын салыштырып, нааразы болуп жатышат. Бирок мекеменин ичинде аялдардын жана өспүрүмдөрдүн убактылуу кармоочу жайлары да бар. Кызматкерлер үч мекемеде иштешет. Ошондуктан алардын саны көп.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда соңку алты ай ичинде өспүрүмдөр арасында 134 кылмыш катталган. Алардын басымдуусу каракчылык, уруулук менен кармалгандар. ИИМдин коомдук кызматынын башчысы Алмазбек Исаков алдын алуу иштери так аткарылып, адегенде балдарды камакка албоо аракети жүрөөрүн баса белгиледи:
- Рейддерди жүргүзүп, мындай балдарды каттоого алабыз. Көбүнесе кылмышка барган балдар кароосуз, көңүл сыртында калгандар. Алардын ата-энеси жок же миграцияда жүрөт. 14 жашка чейинкилери камакка алынбайт. Үч-төрт жылга камакка алынчу кылмыштарда соттон шарттуу кесилип, боштондукка чыгат. Үч айдай алар биздин көзөмөлүбүздө болушат.
ИИМдин маалыматы боюнча өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн катышуусунда 117 кылмыш иши катталган.
Кыргызстандагы өспүрүмдөр үчүн колония Чүй облусунун Жайыл районундагы Вознесеновка айылында жайгашкан.
Мекемеде 14 жаштан 18 жашка чейинки эркек балдар жазасын өтөйт. Абакта киши өлтүрүү, зордуктоо, уурулук, каракчылык сыяктуу оор кылмыш жасагандар отурат. Алардын басымдуу бөлүгү ата-энеси жок же кароосуз калган.
Кылмыш кылган өспүрүм жаза мөөнөтү 18 жашка чыкканга чейин аяктабаса, калган мөөнөтүн чоңдор отурган түрмөдө өтөйт. Расмий маалыматтар боюнча абакта отургандардын 20% кайталап кылмыш кылгандар түзөт.