Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:53

Тоңдук окуучу рэкетчиликтен оолак болууга үндөгөн тасма тартты


Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 10-класстын окуучусу Жыргал Бозгунчиевдин сунушу менен мектептеги зордук-зомбулук, рекетчилик боюнча тасма тартылып, жер-жерлерде көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу акимдин орун басары Нурия Төлөнгүтова 14-декабрда Каракол шаарында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту азайтуу иши талкууланган жыйында билдирди. Анын айтымында, тасма 45 мүнөттүк. Анда окуучу мектептеги зобун-зомбулуктарды баяндап берип, ролду балдар өздөрү ойногон. Тасманы көргөн ата-энелер катуу таасирленип жатканын айтышууда. Фильм өспүрүмдөр арасындагы рэкетчиликти, зомбулукту токтотууну көздөйт. (AsM/NT)

XS
SM
MD
LG