Аба майданынын күтүү залын кеңейтүү боюнча иштердин жаңы этабы аяктады. Бул тууралуу Ош аба майданы баш ийген “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
Анда айтылгандай, майдандын күтүү залы 1500 чарчы метрге кеңейген. Аба майданынын имаратын кошумча имарат куруу аркылуу кеңейткен долбоор 2017-жылы башталган. Андан мурдараак да корпуска жанаша имараттар курулган. Натыйжада аэровокзал бекетинин аянты 9250 чарчы метрге жетти. Бул саатына 600дөй жүргүнчүнү тейлөөгө жетт.
Ош эл аралык аба майданы - Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт, анын имараты 1974-жылы курулган. Ал “Манас" эл аралык аэропортунун филиалы болуп саналат. Жылына 9 миңдей каттамды, бир миллиондон ашык жүргүнчүнү тейлейт. (ErN)