Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

АКШ Сенаты Бутинанын көрсөтмөлөрүн прокуратурага жана адвокаттарга берет


Мария Бутина
Мария Бутина

АКШ Сенаты Орусия жараны Мария Бутинанын көрсөтмөлөрүн адвокаттар менен айыптоочу тарапка өткөрүп берет. Чалгын иштери бонча комитет прокурорлор жана адвокаттарга көрсөтмөнүн стенограммасы менен таанышууга уруксат берди. Бирок документ үчүнчү тарапка берилбөөгө тийиш деген шарт коюлду. Сурак Бутина камакка алына электе болгон. Адвокат Роберт Дрисколл "ал көрсөтмөлөр Бутинаны коргоого жардам бериши ыктымал" деп ТАСС агенттигине билдирди.

АКШда магистратурада окуп жүргөн орусиялык студент Бутина июлдун ортосунда кармалган. Ага Орусиянын кызыкчылыктарын мыйзамсыз сүрөөнгө алгандыгы үчүн айып тагылган. Америкалык бийликтин божомолунда бул үчүн Бутина Республикалык партиянын негизги демөөрчүлөрүнө таасир этүүгө аракеттенген.

Мындан тышкары, каттоодон өтпөгөн "чет элдик агент болгон", "чет элдик тыңчылар менен кызматташкан" деген кине коюлган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Бутинанын "саясий туткун" деп атаган.

XS
SM
MD
LG