Кытайдын Коммунисттик партиясы Мамлекеттик каражатты сарамжалдуу пайдалануу кодексин бузгандыгы үчүн 37 миң аткаминерди жазага тартты. Бул тууралуу британиялык "Guardian" басылмасы кабарлады. Анын маалыматына ылайык, эң көп уруксатсыз бонустарды берүү, белек-бечкек тартуулоо, кызмат машинелерин жеке максаттарда пайдалануу, мамлекет эсебинен ресторандарда тамактануу өңдүү эрежелер бузулганы катталган.
Гезит ашыкча каражат короткон аткаминерлерге каршы күрөшкөн кодекс 2012-жылы Си Цзинпин бийликке келгенде кабыл алынганын эске салат. Кытайдын антикоррупциялык мекемеси ошол жылдан бери паракорлук үчүн 1 жарым миллион аткаминерди жоопко тарттты.