Бишкектин мэрлигине талапкер Азиз Суракматов Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) имаратында кыргыз тилинен сынак тапшырып жатат. Талапкер өзүнүн программасын кыргыз тилинде жазып, атайын комиссияга окуп бериши керек. Андан сырткары бир чыгарманын үзүндүсүн көркөм окуп, түшүнүгүн жана өзү тууралуу айтып бериши талап кылынат. Анын жыйынтыгы менен сынакты өткөрүү боюнча атайын комиссия талапкер мамлекеттик тилди “билет” же “билбейт” деген чечим чыгарат.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 26-июлда Бишкек шаарынын мэрин шайлаш үчүн талапкерлердин мамлекеттик тилди билишин аныктоо максатында комиссиянын курамын бекиткен.
Азырынча мэрлик кызматка Азиз Суракматов гана талапкер катары арызын тапшырды. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген. Өкмөт өзүнчө талапкер чыгарар, чыгарбасы белгисиз. Документтерди тапшыруу мөөнөтү бүгүн, 31-июлда кечки саат 18:00дө аяктайт. (КЕ)