"Эхо Москвы" радиостанциясынын башкы редактору Алексей Венедиктов директорлор кеңешинен кетти. Венедиктов бул радионун бюджетине байланыштуу жетекчиликтин саясаты экенин билдирди. Анын ордуна орун басары Екатерина Годлина келди.
2015-жылы июнь айынан тарта ошол кездеги башкы директор Екатерина Павлова "Газпром-Медиа Холдингдин” демилгеси менен бюджеттин долбоорун сунуш кылган. Сунушка Венедиктов "кызыкчылыктар кагылышы пайда болду" деп каршы чыккан. Ал каржы саясаты жөнүндө айтып жатып, "Путин радиостанцияда эмне болуп жатканын башкы редактор жана директорлор кеңешине караганда көбүрөөк билет" деп жарыялаган.
2018-жылы июнь айындагы түз байланышта президент Владимир Путин "Газпром" компаниясы редакциялык саясатка кийлигишпей эле “Эхо Москвы” радиостанциясын каржылап жатканы сөз эркиндиги экенин айткан.
“Эхо Москвы” радиостанциясы жабык акционердик коом катары түптөлгөн. Учурда анын 66% акциясы "Газпром-медиага", 34% акциясы радиостанциянын журналисттерине, анын ичинен 18% Алексей Венедиктовго таандык. (TSh)