Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Олег Сенцовдун абакта ачкачылык кармаганына 75 күн болду


Олег Сенцов Ростов-на-Дону шаарындагы сотто. 25-август, 2015-жыл.
Олег Сенцов Ростов-на-Дону шаарындагы сотто. 25-август, 2015-жыл.

Орусиянын абагындагы украиналык кинорежиссердун адвокаты Дмитрий Динзенин 27-июлда “Ассошейтед Пресс” агенттигине билдиргенине караганда, өңү купкуу тарткан Сенцовдун кыймылдоого алы келбей, такай жатып калды.

“Ачкачылык уланып жаткандыктан анын өмүрү үчүн тобокелчилик да күн сайын өсүүдө”,- деди адвокат.

Украин кинорежиссерун абактагы ачкачылык акциясын токтотууга бул аптада Европанын Адам укуктары боюнча соту да чакырды.

Ай башында болсо Сенцовдун апасы президент Путинге кат жолдоп, уулуна кечирим берүүнү өтүнгөн.

Бирок орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кечирим берүүгө өтүнүчтү украин кинорежиссеру өзү келтирүүсү керектигин билдирген.

Украиналык кинорежиссер аннексияланган Крымда 2014-жылы май айында кармалган. Кийин Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кескен. Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана Орусия койгон айыпты толугу менен четке каккан.

Ал 14-майдан бери Орусиянын Ямало-Ненецк округундагы Лабытнанги шаарынын "Ак аюу" деген түрмөсүндө ачкачылык кармап жатат.

Сенцовдун башкы талабы - Орусиянын абактарынан 64 украиналык саясий айыпкерди бошотуу. (UE)

XS
SM
MD
LG