Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:08

"Сүйүнчү пулдун" берилиши боюнча мониторинг жүргүзүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Сүйүнчү пулду” төлөнүшү боюнча мониторинг жүргүзүлөт. Бул тууралуу 27-июлда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, август айында өтө турган мониторингдин жыйынтыгында “сүйүнчүнү” алууда ата-энелер туш болуп жаткан кыйынчылыктар аныкталып, аларды жоюу боюнча чара көрүлөт.

Бала төрөлгөндө берилүүчү акча тууралуу мыйзам быйыл ишке ашырыла баштады. Министрликтин билдиришинче, бүгүнкү күнгө карата 39 миң балага республикалык бюджеттен 159 миллион сом бөлүндү. (RK)

XS
SM
MD
LG