Кыргызстан менен Казакстан аскердик чалгындоо чөйрөсүндө кызматташмай болуп жатышат. Бул тууралуу макулдашууга кол коюш үчүн Бишкекке Казакстандын коргоо министри Сакен Жасузаков келди.
Бүгүн казак министрин президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, эки өлкө ортосундагы аскердик жана аскерий-техникалык кызматташтык тууралуу пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Жээнбеков эл аралык терроризмге жана Борбор Азия регионунун коопсуздугуна шек келтирген чакырыктар менен коркунучтарга каршы туруу боюнча чогуу чара көрүү маанилүү экенин белгиледи.