Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:31

Денис Тенди өлтүрүүгө шектелгендердин экинчиси кармалды


Денис Тенди өлүмүнө шектелген Арман Кудайбергенов.
Денис Тенди өлүмүнө шектелген Арман Кудайбергенов.

Казакстанда көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тендин өлүмүнө шектелгендердин экинчиси кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин 20-июль күнү кечинде тараткан билдирүүсүндө айтылат. Ал Арман Кудайбергенов аттуу 23 жаштагы Кызылордо облусунун тургуну экени жазылган.

Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүү Алматынын Аксай кичирайонунда өткөрүлгөн рейд маалында колго түшүрүлгөн.

Бүгүн, 20-июлда эртең менен Тенди бычактагандардын дагы бири, 1994-жылы туулган Нуралы Киясов кармалганын Алматы шаардык прокуратурасы билдирген. Ал адвокатынын катышуусунда берген көрсөтмөсүндө күнөөсүн мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев "ишти тыкыр көзөмөлгө алууну" башкы прокурор Кайрат Кожамжаров менен ички иштер министри Калмуханбет Касымовго тапшырды.

Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки белгисиз адам кол салган. Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан.

Денис Тен 1993-жылы 13-июлда Казакстанда төрөлгөн. Ал 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиадада коло медаль тагынган. Андан бир жыл мурда Дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган.

2015-жылы "Төрт континенттин чемпионатында", VII кышкы Азия оюндарында чемпион аталган. Ванкувер олимпиадасына катышкан. 2017-жылы Алматыда өткөн Универсиадада чемпион аталган. Ал Олимпиада оюндарына жана дүйнө чемпионатына жеткен биринчи казакстандык фигурист болгон.

Казакстан: улут сыймыгы уурунун колунан ажал тапты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:08 0:00

XS
SM
MD
LG