Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

Асаддын армиясы Голан дөңсөөсүнө жакын аймакты өз көзөмөлүнө алууда


Өлкө түндүгүнө чыгарылып жаткан козголоңчулар. 19-июль, 2018-жыл. Сирия.
Өлкө түндүгүнө чыгарылып жаткан козголоңчулар. 19-июль, 2018-жыл. Сирия.

Сирияда президент Башар Асадга караштуу күчтөр өлкөнүн түштүк-батышындагы Голан дөңсөөсүнүн жанындагы аймакты өз көзөмөлүнө алууда. Кунейтра провинциясына караштуу бул чөлкөм бир нече жылдан бери козголоңчулардын колунда эле. Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөөчү уюмдун билдиргенине караганда, армия менен козголоңчулардын ортосунда орус аскерлеринин ортомчулугунда элдешүү жараянына жетишилди.

Өкмөттүк армияга баш ийүүнү каалабаган козголоңчуларга өлкөнүн түндүгүнө чыгып кетүүгө уруксат берилди. Ушундай эле ыкма менен Асаддын армиясы Чыгыш Гута жана Иордания менен чектеш аймактарды өз карамагына алган.

Ушуну менен Сириянын түндүк-батышынын "Ислам мамлекети" террордук уюмунун карамагындагы чакан бөлүгүнөн башкасы толук өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүнө өттү. Радикал уюмга каршы операция жакын арада башталары кабарланууда.

Орусия менен АКШнын президенттери 16-июлда Хелсинкиде жолукканда Сириядагы окуялардын өнүгүшүнөн улам Израилдин коопсуздугу камсыздалышы керек экенин айтышкан.

Израил 1967-жылкы алты күнгө созулган согушта Сирияга караштуу Голан дөбөлөрүнүн бир ыптасын басып алган.

XS
SM
MD
LG