Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

БШК: Бишкек мэри 20 күндүн ичинде шайланышы керек


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкек мэрин кызматтан бошоткон премьер-министрдин буйругун расмий алгандан кийин гана мэр шайлоонун мөөнөтүн бекитет. БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, өкмөт башчынын буйругу БШКга келе элек.

- Мэрди кызматтан бошотуу тууралуу буйрук бизге келип түшкөндөн кийин гана шайлоонун күнүн бекитебиз. Мыйзам боюнча 20 күндүн ичинде өтө тургандай болушу керек. Шайлоого беш күн калганга чейин талапкерлер катталып, мамлекеттик тилден сынак тапшыруу жол-жоболору бүтүшү керек. Андан кийин талапкерлер баш тартууга гана укугу бар, аларды жылдырууга, сунуш кылууга болбойт.

Мэрди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары шайлайт.

13-июлда Бишкек шаардык кеңеши Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ал иштен алынган. Ушул эле күнү ал бир нече кылмышка шектүү катары УКМКнын тергөө абагына камалган. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG