Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

АКШда кармалган Мария Бутинага жаңы айып тагылды


Мария Бутина. 21-апрель, 2018-жыл.
Мария Бутина. 21-апрель, 2018-жыл.

АКШда арачылар соту орусиялык Мария Бутинага "чет элдик агент" деп каттоодон өтпөгөнү үчүн жаңы айып такты. Буга чейин ага "чет элдик тыңчылар менен кызматташкан" деген кине коюлган. Бутинага коюлган жаңы айып боюнча 10 жылга эркинен ажыратуу каралган.

АКШнын Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Бутина 15-июлда Вашингтондо кармалган. Ал 2015-жылдан 2017-жылдын февралына чейин АКШнын Финансы министрлигинин санкциялар тизмесине кирген, орусиялык жогорку даражалуу аткаминердин жетекчилиги алдында иштеген.

Америкалык атайын органдардын маалыматына караганда, ага АКШнын саясатына таасир тийгизген уюмдарга кирип, Орусиянын кызыкчылыгын сүрөө милдети жүктөлгөн.

"New York Times" басылмасынын жазганына караганда, 2016-жылы Бутина президент Путин менен шайлоо өнөктүгүн жүргүзүп жаткан Трамптын жашыруун жолугушуусун уюштурууга аракеттенген. Гезиттин былтыр 17-ноябрда чыккан санында Орусия банкынын төрагасынын орун басары, Федерация кеңешинин мурдагы мүчөсү Александр Торшиндин аты аталат.

Мария Бутина орусиялык «Курал укугу» деп аталган уюмдун мүчөсү. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал Торшин менен байланышып, АКШдагы таасирдүү «Улуттук курал ассоциациясы» аркылуу орустардын кызыкчылыгына кызмат кылган.

Адвокат Роберт Дрисколл орус жаранына коюлган айыптарды четке кагып, Бутина өз эрки менен Сенаттын Чалгын комитетине сурак берип, «миңдеген» документтерди дагы көрсөткөнүн айтты. Бул тууралуу "РИА Новости" агенттиги жазды.

Орусиянын Вашингтондогу элчилиги Бутинага эч кимди киргизбей жатышканын билдирди.

XS
SM
MD
LG