Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:32

Көчмөндөр оюндарына Голливуд жылдыздары чакырылды


2016-жылдагы Көчмөндөр оюндары.
2016-жылдагы Көчмөндөр оюндары.

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын даярдык иштери дээрлик 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов “Азаттыкка” билдирди.

- Билеттин баасы ачылыш аземине 400 сомдон баштап 4900 сомго чейин болуп жатат. Ал эми жабылышына 350 сомдон 3800 сомго чейин болот. 102 мамлекетке чакыруу кагазын жөнөткөнбүз. Алардын канчасы келери августка чейин аныкталып калат. Жок дегенде 80ден ашуун мамлекеттен конок келет деп күтүп жатабыз. Мындан сырткары Анжелина Жоли, Жеки Чан, Леонардо Ди Каприо жана Индиянын артисти Диа Мирзага чакыруу жөнөттүк. Азырынча алар макулдугун бере элек.

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга мамлекеттен 307 миллион сом каралган. Уюштуруучулардын айтымында, бөлүнгөн каражат иш-чараны уюштуруунун 50 пайызына гана жетет. Андыктан демөөрчүлөрдөн дагы кошумча 200 миллиондон ашык каражат каралууда.

Көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталып, 8-сентябрда жыйынтыкталат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG