Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Оштун мэрин шайлоо өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

18-июлда Ош шаарынын мэрин шайлоо өтөт. Кыргызстандын түштүк борборунун башчылыгына өкмөттүн облустагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев жалгыз талапкер болуп катталган. Анын талапкерлигин Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция сунуш кылган. Ал 11-июлда мамлекеттик тилден сынак тапшырып, "кыргыз тилин билет" деген баа алган.

Шайлоо 18-июлда саат 9:00дөн 12:00гө чейин өтөт. Эгерде шаардык кеңештеги 45 депутаттын үчтөн экиси добуш берген болсо, шайлоо өттү деп эсептелет. Добуш берүү жашыруун түрдө өтөт.

3-июлда Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев башка кызматка өткөнүнө байланыштуу ишин тапшырып берген.

Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалицияга КСДП, "Бир Бол" жана "Мекеним Кыргызстан" фракциялары кирген. “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана “Республика - Ата Журт” партиялары оппозицияда калган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG