Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго издөө жарыяланган эмес. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) расмий өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттыкка" билдирип, Интернетте тараган маалыматты четке какты. Анын айтымында, Ибраимовго суракка келүү тууралуу чакыруу кагазы берилген. Азыркы убакта ал келе элек. Чекисттер мэрдин суракка келишин күтүп жатышат.
15-июлда "Твиттер" социалдык түйүнүнүн "jnastaev" аттуу колдонуучусу Орусиянын Москва шаарындагы «Шереметьево» аэропортундагы паспорт көзөмөл бөлүмүндөгү тактайчада катуу изделип жаткан кишилердин сүрөтү турган монитордо Албек Ибраимов да бар экенин жазып чыккан.
13-июлда Бишкек шаардык кеңеши кезексиз сессиясында Ибраимовго ишеним көрсөткөн эмес. Эми депутаттардын бул чечимин премьер-министр жактырса, Ибраимов иштен алынат.
Сессияга Ибраимов келген жок. Жыйындан кийин ал “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу видеокайрылуу таратып, депутаттардын ага ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимин "саясий буюртма" катары баалаган жана өзү үч күнгө тоого чыгып кеткенин айткан.
Ага чейин Ибраимовдун Кыргызстандан качып кеткени тууралуу кабар тарап, бирок мэриянын басма сөз кызматы ал 10-июлдан 8-августка чейин эмгек өргүүсүнө чыкканын маалымдаган.
"ТНК Дастан" ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Ибраимов УКМКга 13-июнда сурак берип чыккан. Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу") менен кылмыш иши козголгон. (NT)