Бишкек шаарындагы №5 Улуттук компьютердик гимназияны Инновациялык технологиялар мектеп-лицейи катары түзүү сунушталууда. Президенттин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоордо мындай чара таланттуу окуучуларга заман агымына ылайык шарт түзүү жана эл аралык деңгээлде атаандаштыкка туруштук берүү максатын көздөй турганы белгиленген.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, 2015-жылы “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, “мектеп-гимназия” жана “мектеп-лицей” деген түшүнүктөр киргизилген. Гимназияда гуманитардык багытка басым жасаган мектеп программасы окутулса, лицейлерде табият таануу жана так илимдерге басым жасалат. Ошондуктан №5 гимназияны лицей катары өзгөртүү учурдагы талапка ылайык келет деп сунушталууда.
№5 мектеп 1926-жылы негизделген. Ал борбор калаадагы алгачкы кыргыз мектеби болуп, кыргыз интеллигенциясынын бир катар өкүлдөрү дал ушул мектепте билим алган. Ал эми 1997-жылы президенттин жарлыгына ылайык Улуттук компьютердик гимназия катары өзгөртүлгөн. (BkA/YrU)