Коррупция үчүн абакка кесилген Орусиянын Коргоо министрлигинин мүлк департаментинин мурдагы башчысы Евгения Васильева экс-коргоо министри Анатолий Сердюковго турмушка чыкты. Бул тууралуу орусиялык журналист Андрей Малахов жазып чыкты. Маалыматка караганда, мурдагы жетекчилер жакында үйлөнүшкөн.
Орус медиасында абдан көп талкууланган Евгения Васильева 2012-жылы камакка алынган. Ага Коргоо министрлигине караштуу “Оборонсервис” ишканасынын айланасындагы коррупциялык иштер боюнча айып тагылган. Анда Васильева ал кездеги министр Сердюковдун колдоосу менен 3 миллиард рублдан ашык мүлктү сатып жибергени айтылган. Мындан соң Анатолий Сердюков да министрлик кызматтан алынган. Бирок жазага тартылган эмес.
2015-жылы Васильева 5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок көп өтпөй мөөнөтүнөн мурун абактан бошотулган.
Орусиянын бийлигин сындагандар Евгения Васильеванын ишин Орусиядагы коррупциянын символу катары сыпатташкан эле. Анын Москванын борборундагы 13 бөлмөлүү үйүнөн кымбат баалуу антиквариаттарды, сааттарды, жалпы салмагы 19 килограммды түзгөн бриллиант, акак, рубин баш болгон кымбат баалуу таштарды табышкан.
Орусиянын экс-премьери Виктор Зубковдун мурдагы күйөө баласы болгон Анатолий Сердюков учурда Авиакуруу ишканасынын башкармалык мүчөсү.