Пакистанда шайлоо алдындагы митинг учурунда жанкечтинин жардыруусунан өлгөндөрдүн саны 20 кишиге жетти. Дагы 65 киши жарадар болду.
10-июлда Пешаварда Авами Улуттук партиясынын жактоочулары чогулган жерде болгон кол салуудан жергиликтүү парламентке талапкер болгон Харун Ахмед Билур да курман болду.
Пакистандагы талибдер шаршембиде тараткан билдирүүсүндө бул жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алышты. Согушкерлер буга чейин да "Талибан" жана башка экстремисттик уюмдарга каршы болгон дүйнөбий партияны бутага алып келишкен. Ахмед Билурдун атасы Башир Ахмед Билур да 2012-жылы жанкечтинин кол салуусунан мерт болгон.