Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Түркмөнстан: жабык түрмөдөгүлөр биринчи жолу туугандары менен жолугушту


Түркмөнстандагы абактардын бири.
Түркмөнстандагы абактардын бири.

Эл аралык “Мемориал” укук коргоо борбору Түркмөнстанда "Овадан-депе" жабык түрмөсүндө кармалгандарга биринчи жолу туугандары менен жолугушууга уруксат берилгенин жарыялады.

Уюмдун маалыматына караганда, жолугушуу 28-июнда болуп, “экстремизм” үчүн соттолгон 30дан ашуун киши туугандары менен көрүшүп, 40 мүнөттөн сүйлөшкөн.

Алардын арасында түрк диниятчысы Саид Нурсинин эмгектерин изилдегени үчүн эркинен ажыратылган төрт жаран бар. "Овадан-депе" Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабаддан 70 чакырым жерде жайгашкан жана өтө катаал шарты менен белгилүү.

Укук коргоочулар бул түрмөдө саясий себептер менен абакка кесилгендер кармалаарын билдирип келишет. Бирок саясий негизде соттолгон жүздөгөн кишилердин тагдыры тууралуу маалымат жок.

Буга чейин эл аралык укук коргоо уюмдары 113 адамды дайынсыз кеткендердин тизмесине киргизген. Акыркы эки жыл аралыгында бул тизмедеги бир нече кишинин сөөгү туугандарына берилген.

XS
SM
MD
LG