Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:09

Жогорку сот Кубанычбек Кулматовду тергөө бүткүчө камакта калтырды


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Жогорку соттун соттук коллегиясы Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасын карап, аны тергөө бүткүчө камакта калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кубанычбек Кулматовду быйыл 5-июнда кармап, ал 28-июнга чейин камакка алынган.

25-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кулматовдун камактагы мөөнөтүн узартуу маселесин карап, аны 28-августка чейин абакта калтырган. Актоочу тарап экс-мэрди үй камагына чыгарууну өтүнүп жогорку инстанцияга даттанган.

Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталууда. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып коюлган.

Июнь айында Кулматовго 350-346-беренелердин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде​ экинчи кылмыш иши козголгон. УКМК аны "1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатат.

Азыр ал УКМКнын тергөө абагында отурат. (ErN)

XS
SM
MD
LG