Жапонияда өткөн жумадагы нөшөрдүн кесепетинен дайынсыз жоголгон ондогон адамды издөө жана куткаруу иштери уланууда. Өлгөндөрдүн саны жүзгө чамалаганы кабарланды. Куткаруучулар суу ташкыны ширеп салган үйлөрдүн арасындагы ылайды, жер көчкүлөрдү казып, адамдарды тирүү алып калууга аракет кылып жатышат.
Өкмөт дүйшөмбүдө чукул жыйын өткөрүп, куткаруучулардын саны 73 миңге чейин көбөйтүлгөнүн билдирди. Суу ташкынынан көбүнесе Хиросима префектурасы жабыркады. Бир жарым миллион кишиге үйлөрүнөн кетүүгө буйрук берилсе, бийлик үч миллионун коопсуз жайга бара турууга чакырган.