Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Евробиримдиктин кеңеши Орусияга каршы санкцияларды узартты


Франция президенти Эммануэл Макрон менен Германиянын канцлери Ангела Меркел. 28-июнь, 2018-жыл.
Франция президенти Эммануэл Макрон менен Германиянын канцлери Ангела Меркел. 28-июнь, 2018-жыл.

Европа Биримдигинин кеңеши Орусияга карата экономикалык санкцияларды 2019-жылдын 31-январына чейин узартты.

Уюмдун маалыматына караганда, Европа Биримдигинин кеңешинин 28-29-июнда өткөн жыйынында Минск келишиминин аткарылышы талкууланган. Анда Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен Германиянын канцлери Ангела Меркел "санкциялар узартылышы керек" деген чечимге келип, аны кеңеш бир добуштан колдоду.

Чектөөлөр Орусия экономикасынын каржы, энергетика жана коргонуу тармактарына каршы багытталган.

Санкциялар алгач 2014-жылы 31-июлда Москва Крымды аннексиялап, Украинанын чыгышындагы куралдуу тирешүүдө жикчилерди колдой баштагандан кийин киргизилген. Андан бери чектөөлөр алты ай сайын узартылып келет.

XS
SM
MD
LG