Индиянын Кабулдагы элчилиги 1-июлда Нангархар провинциясынын борбору Жалалабад шаарындагы индустарды жана сикхтарды бутага алган жанкечтинин жардыруусун айыптады. Нангархар провинциясынын кызмат адамдарынын айтымында, кол салуудан өлгөн 20 кишинин 17си индус жана сикх азчылыгынын өкүлдөрү болгон.
Индиянын Кабулдагы элчилиги өлгөндөрдүн арасында сихктердин мурдатан берки лидери Автар Сингх Хальса да болгонун бышыктады. Ал быйыл октябрда өтө турган шайлоого катышууга ниеттенип жаткан. Бул кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алды. Жардыруудан дагы 20дай киши жарадар болгон, айрымдарынын абалы оор.
Ооганстандын расмий бийлик адамдарынын айтымында, жанкечти Жалалабадда президент менен боло турган жолугушууга келе жаткан индустарды жана сикхтерди бутага алган. Президент Ашраф Гани 1-июлда аймакка эки күндүк иш сапары менен келген.
30 миллион калкы бар Ооганстанда учурда миңдей гана сикх жана индус жашайт. Ал эми 1970-жылы өлкөдө алардын саны 150 миңдей болгон. 1980-жылы советтик аскерлер басып киргенден кийин миңдеген индустар менен сикхтер Индияга көчүп кеткен. Иммиграциянын экинчи толкуну 1990-жылы коммунисттик өкмөт кулап, түрдүү жихадчы топтордун арасындагы жаатташкан согуш күчөгөн мезгилге туура келет.