Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

Бишкекте "Tengry Music-2018" эл аралык фестивалы ачылды


"Tengry Music-2018" фестивалына келгендер. Бишкек. 1-июль, 2018-жыл.
"Tengry Music-2018" фестивалына келгендер. Бишкек. 1-июль, 2018-жыл.

Бишкекте Дайыр Асанов атындагы Жеңиш багында "Tengry Music-2018" эл аралык фестивалы өтүп жатат. Ачык асман алдындагы концерт кечке жуук башталды.

Ага Кыргызстандын, Өзбекстандын, Орусиянын, Украинанын жана Азербайжандын музыканттары катышып, ачык асман алдында симфониялык оркестрдин концерти тартууланууда.

"Tengry Music" эл аралык фестивалы Кыргызстанда ушуну менен төртүнчү ирет уюштурулду. Буга чейин Европа өлкөлөрүнөн да музыканттар катышкан. Ошондой эле жыл сайын миңдеген көрүүчү келет.

Музыка сүйүүчүлөр уюштурган маданий иш-чарага президенттик аппарат, өкмөт, мэрия, бир канча өлкөнүн Кыргызстандагы элчиликтери жана коммерциялык уюмдар колдоо көрсөтүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG