Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:04

Шахрисабз дагы бир жылга ЮНЕСКОнун тизмесинде калды


Көк күмбөз мечити. Шахрисабз.
Көк күмбөз мечити. Шахрисабз.

Өзбекстандагы Шахрисабз шаары дагы бир жылга, сыноо иретинде ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесинде калтырылды. Узаган аптада уюмдун атайын комиссиясынын Бахрейнде өткөн 42-сессиясында ушундай чечим кабыл алынды.

Өзбек өкмөтү бир жыл аралыгында Шахрисабз шаарынын тарыхый борборун ЮНЕСКОнун талаптарына ылайык сакташы кажет. Ал аткарылбаса, мурастар тизмесинен чыгарылат.

2014-жылы аталган калаадагы тарыхый көчөлөр бузулган. ЮНЕСКО өзбек өкмөтүнө кайрылып, бул жоготуунун ордун толтуруу боюнча сунуш киргизүүнү сураган. Өзбекстан тарыхый аймактарды "косметикалык" оңдоону сунуштаган. Мындан улам ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар борбору Шахрисабзды маданий мурастар тизмесинен чыгаруу демилгесин көтөргөн.

26-июнда Бахрейн борбору Манамада башталган жыйында бул маселе каралып, Норвегия, Австралия жана Испания калааны тизмеден чыгарууну колдоду. Дүйнөлүк мурастар комитетине мүчө 15 мамлекет каршы болду. Шахрисабзды тизмеде калтырууну каалаган өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан да бар.

XS
SM
MD
LG