"Домодедово" аэропортунун жетекчилери билдиришкендей, жүргүнчүлөрдүн бири 29-июнда анда жардыруучу зат бар экенин коопсуздук боюнча текшерүүдөн өтүп жаткан учурда айтып кыйкырган.
Бирок текшере келгенде анын бул маалыматы жалган болуп чыгып, аэропорт кадимки калыбында иштей баштаган.
"Рейтер" агенттиги окуянын күбөлөрүнө шилтеме кылып, "жардыруучу зат бар" деп ырастаган адам колуна кишен салынып, кармалганга чейин аэропорттун ошол бөлүгүн коопсуздук күчтөрү курчоого да алышкан.
Орусияда азыр футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка байланыштуу чет элдиктер көп жүрөт.
2011-жылы январда Домодедово аэропортунда жанкечтинин бомба жардыруусунан 37 кишинин өмүрү кыйылган. (UE)