Ысык-Көл облусунда секелекти зордуктоого "шектүү" деп кармалган адам өмүр бою эркинен ажыратылды.
Облустук соттун басма сөз катчысы Гүлзада Аширбаева "Азаттыкка" билдиргендей, Ысык-Көл райондук соту он эки жаштагы секелектин зордукталганына байланышкан иш боюнча 28-июнда чечим чыгарды. Ага ылайык, Ысык-Көл районунун 53 жаштагы тургуну күнөөлүү деп табылды.
Окуя быйыл 25-мартта болгон. Тергөөнүн маалыматында ошол күнү түнкү саат 22:00 чамасы кылмышкер Чолпон-Ата шаарында бейтааныш секелекти алдап автоунаасына салып, иштеген жерине алып барып, иш бөлмөсүндө зордуктаганы айтылат.
Анын үстүнөн секелектин энеси милицияга арызданып, Кылмыш кодексинин 129-беренесинин 4-бөлүгү ("Зордуктоо") боюнча иш козголгон. (AsM)