Парламент төртүнчү сессиясында 124 мыйзам, 615 токтом кабыл алды. Бул тууралуу спикер Дастанбек Жумабеков бүгүн Жогорку Кеңештин бир жылдык иши тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып билдирди.
Маалыматка караганда, 108 мыйзам долбооруна президент кол койгон. Жалпысынан ал тогуз документти артка кайтарды.
Депутаттар мамлекет башчы артка кайтарган үч документке макул болуп, экөө боюнча макулдашылган вариантты кабыл алып беришти. Калган төртөө талкууда. 2017-жылдын сентябрынан 2018-жылдын июнуна чейин парламент эки кезексиз жана беш жабык жыйын өткөрдү.
28-июнда алтынчы чакырылыштагы парламенттин IV сессиясы өз ишин жыйынтыктады. Депутаттар андан бери эки президент менен иштеп, өлкөдө президенттик шайлоо болду.
Жогорку Кеӊештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тартып шайлоочулар менен жолугушат. V сессия сентябрдын башында башталат. Азыркы парламент 2015-жылы күзүндө шайланган. (NT)