Ноокенде сууга чөгүп кеткен беш жашар кызды издөө иштери бүгүн да уланып, анын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя 27-июнда Достук айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында болгон.
Тойго атасы менен кошо барган наристе Достук каналынын жээгинде ойноп жатып, сууга түшүп кеткен.