Куш тумоосунан улам Кыргызстанга Орусиянын үч облусунан канаттуулардын этин алып келүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди. Анын айтымында, мындай чара көрүүгө ал өлкөдөгү куш тумоосунун жайылышы себеп болгон.
Депутат Таалайбек Масабиров Кыргызстандын базарларында башка өлкөлөрдөн ташылып келген өрдөктүн эти сатылып жатканына кызыкты. Ал өрдөк эти Тажикстандан ташылып келгени тууралуу маалымат бар экенин кошумчалады. Жумаканов транзиттик ташууга гана уруксат бериле турганын билдирди.
27-июнда парламентте өлкөдөгү эпизоотиялык абалга көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.
Орусиянын бир катар аймактарында куш тумоосу катталып, айрым фабрикаларга карантин жарыяланган. (КЕ)