Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:13

Чүйдөгү технополис ачылса он миңдей жумуш орду түзүлөт


Кыргызстандагы тигүү цехтеринин биринде.
Кыргызстандагы тигүү цехтеринин биринде.

Чүйдө ачыла турган тигүү өндүрүшүнүн технополиси ишке кирсе 10 миңге жакын жаңы жумуш орду ачылат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна курган маегинде "Жеңил өнөр жай" ассоциациясынын башкаруу кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Назаров билдирди.

- Өкмөттүн токтому менен Военно-Антоновка айылынан атайын жер бөлүп беришкен. Технополис ишке ашса 10 миңден ашуун жумуш орду түзүлөт. Учурда Кыргызстандын өкүлдөрү бул багытта тажрыйба үйрөнүп Индияда жүрүшөт, - деди Назаров.

Расмий маалыматка караганда, былтыр бир жыл ичинде Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагы алты миллиард сомго жакын киреше тапкан. Анын беш миллиарды тигүү ишканаларына таандык. (RK)

XS
SM
MD
LG