Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

Орус миллиардеринин компаниясы АКШнын сотуна кайрылды


Ишкер Евгений Пригожин менен президент Владимир Путин Москвада өткөн эл аралык конференцияда. 11-ноябрь, 2011-жыл.
Ишкер Евгений Пригожин менен президент Владимир Путин Москвада өткөн эл аралык конференцияда. 11-ноябрь, 2011-жыл.

Орусиялык ишкер, президент Владимир Путиндин досу болуп саналган Евгений Пригожиндин "Конкорд менеджмент жана консалтинг" компаниясы Вашингтондогу соттон ишканага тагылган айыпты алып салууну суранды. Атайын прокурор Роберт Мюллер орусиялык бул ишкананы АКШдагы президенттик шайлоого "кийлигишүү үчүн үгүттөөнү каржылаган" деп айыптаган.

Адвокаттар Мюллердин дайындалышын мыйзамсыз деп баалап, ал "Конкорд менеджмент жана консалтинг" компаниясын кандайдыр "кутумга" катышкан деп айыптоого тиешелүү укугу жоктугун белгилешкен.

Юристтер АКШнын Юстиция министрлигинин чечими менен дайындалган Мюллерди "шайлоого кийлигишкен" деп айып тагууга укугу жетишсиз деп эсептешет. Адвокаттар Конгресс атайын мыйзам кабыл алып, ага жетиштүү укук берген эмес деп белгилешет.

Февраль айында Мюллер "АКШдагы шайлоо өнөктүгүнө кийлигишкен" деп "Троллдор фабрикасы" атка конгон Орусиядагы "Интернет изилдөөлөр агенттигин" жана Евгений Пригожинди "жалган маалыматтарды жана орус бийлигинин үгүтүн жайылтууда" деп айыптаган.

Пригожин болсо өзү да, анын ишканалары да «Америкадагы шайлоого кийлигишүүгө багытталган иш жүргүзбөгөнүн» билдирген.

АКШдагы 2016-жылкы президенттик шайлоого Москванын болжолдуу кийлигишүүсүн иликтөөнүн алкагында 15-мартта 10 орус жаранына жана беш ишканага санкция киргизилген. "Кара тизмеге" киргизилген адамдар - "Интернет изилдөөлөр агенттигинин" кызматкерлери.

XS
SM
MD
LG