Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Нигерияда улут аралык чатакта 86 киши мерт болду


Нигериядагы жергиликтүү тургундар. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Нигериядагы жергиликтүү тургундар. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)

Бул тууралуу "Aссошэйтед Пресс" агенттиги 25-июнда кабарлады. Өлгөндөрдүн баары “биром” деген жергиликтүү улуттун өкүлдөрү. Полиция чабуулду "фульбе" деген уруунун өкүлдөрү уюштурушу мүмкүн деп болжоп жатат.

Чатак өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Барикини Лади аймагында чыккан. Анын натыйжасында айылдардын бирин өрт каптап, элүүдөн ашуун үй күйүп кеткен. Буга байланыштуу аймакта коменданттык саат киргизилди.

Ондогон жылдардан бери Нигерияда жер жана жаратылыш байлыктарын талашуудан улам уруулар жана диний топтор арасында улам-улам чатак чыгып келет.

XS
SM
MD
LG