Франциянын президенти Эммануэл Макрон Еворопада мигранттарды кабыл алган борборлордун түйүнүн түзүүнү сунуштады. Мындай билдирүүнү француз президенти Испаниянын премьер-министри Педро Санчес менен жолуккан учурда жасады.
Макрон мигранттар келген өлкөлөрдө атайын борборлорду түзүп, анда мигранттар тууралуу маалыматтарды топтоп, башка өлкөлөргө жиберүүнү сунуштаган. Учурда БУУнун Качкындар иши боюнча комиссарлыгынын бир нече борборун эсепке албаганда, бул иш менен алектенген уюмдар жокко эсе.
Француз президенти качкындарды кабыл алуудан баш тарткан Европа Биримдигинин мүчөлөрүнө финансылык санкция киргизүү сунушун колдоду.
Өткөн апталарда Италия жана Мальтанын бийлиги Африкадан келе жаткан 600дөн ашуун мигрант түшкөн кемени өз аймагына киргизүүдөн баш тарткан. Бул кемени кийинчерээк Испания кабыл алган. Судан, Нигерия жана Эритериядан келген качкындар түшкөн бул кемеде 140тан ашуун жаш бала жана кош бойлуу аялдар да бар болчу.