Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:45

40 күндөн бери ачкачылык кармаган Сенцовдун абалы начарлады


Олег Сенцов
Олег Сенцов

Бул тууралуу 22-июнда “Азаттык” радиосуна Орусиянын абагында отурган украиналык кинорежиссердун адвокаты Дмитрий Динзе билдирди.

Кардары менен жолугуп чыккан адвокаттын айтымында, ачкачылык акциясы башталган 14-майдан бери Сенцов 15 килограммга арыктаган. Учурда бөйрөгү жана жүрөгү ооруп жатат.

Украиналык кинорежиссер аннексияланган Крымда 2014-жылы май айында кармалган. Кийин Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кескен. Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана Орусия койгон айыпты толугу менен четке каккан. Ал ачкачылыкты Орусиянын Ямало-Ненецк округундагы Лабытнанги шаарынын "Ак аюу" деген түрмөсүндө кармоодо. Сенцов өз билдирүүсүндө Орусиянын абактарынан саясий негизде кармалган 64 украиналык жаранды бошотууну талап кылган.

Орусиянын бийлигинен Сенцовду бошотууну талап кылган чакырыктар буга чейин өлкө ичинен да, сыртынан да бир нече жолу айтылган.

Сенцовду бошотууну талап кылгандардын Киевде, Орусиянын элчилиги астындагы акциясы. 13-июнь, 2018-жыл.
Сенцовду бошотууну талап кылгандардын Киевде, Орусиянын элчилиги астындагы акциясы. 13-июнь, 2018-жыл.

Европа парламентинин депутаттары Орусиянын бийлигин украиналык кинорежиссерду, ошондой эле Украинанын Орусияда жана Крымда “мыйзамсыз кармалган” бардык жарандарын “чукул арада жана эч шарт койбостон бошотууга" чакырган резолюция кабыл алган. Ал эми америкалык ПЕН-борбордун мүчөлөрү өз катынын көчүрмөсүн Дүйнөлүк футбол федерациясы - ФИФАнын президенти Жанни Инфантиного жөнөтүшкөн болчу.

Кинорежиссерду колдогон активисттер болсо 1-2-июнь күндөрү дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде “Олег Сенцовду сактоо” (Save Oleg Sentsov) деген акция өткөрүшкөн.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Олег Сенцовго кечирим берүү маселеси каралышы үчүн президент Владимир Путинге ал өзү кайрылуусу керектигин айтса, адвокат Дмитрий Динзе 22-июнда кинорежиссер андай өтүнүч жазуудан баш тартканын билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG