Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

"Медиа Полиси Институту”: Арабаевдин сотторго кийлигишүүсү текшерилет


Манасбек Арабаев.
Манасбек Арабаев.

Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы соттордун ишине кийлигишкени айтылып жүргөн мурдагы жогорку кызмат адамдарын текшерээрин "Медиа Полиси Институту” уюмуна маалымдаган.

Буга чейин уюм бул күч органдарына "мурдагы жогорку кызмат адамдары, анын ичинен президенттик апараттын бөлүм башчысы Манасбек Арабаев соттордун ишине кийлигишип, кадрдык маселерди чечкен" деген фактыларды текшерүүнү өтүнүп кайрылган.

Коомчулукта "Манасбек Арабаев сот чечимдерине кийлигишет" деген сөз ал президенттик аппараттын бөлүм башчысы болуп турганда байма-бай айтылып келген. Айрыкча мындай сөздөрдү Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушундагы оппозициялык саясатчыларга байланышкан соттук териштирүү ого бетер күчөткөн. Кийинчерээк парламенттин бир нече депутаты да бул тууралуу ачык айтып чыккан. Манасбек Арабаев өзү болсо мындай дооматтарды убагында четке каккан.

Оппозициячыл саясатчылар сот реформасы тууралуу талкууларда аппараттын бөлүм башчысы Манасбек Арабаевден тышкары мурда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматында иштеген Алмаз Маткасымов деген адамды кошо айыптап келишет.

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген Манасбек Арабаев “жетекчиликтин ишениминен кетти” деген жүйө менен 15-майда кызматынан бошотулган. (TSh)

XS
SM
MD
LG